Биз менен байланышыңыз

Алтынбек Деркембаев Шакиевдин парламент төрагасынын басма сөз катчысы болду

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 387 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин басма сөз катчысы болуп Алтынбек Деркембаев дайындалды.

Алтынбек Деркембаев буга чейин Улуттук телерадиокомпаниянын «Ала-Тоо» маалымат программасында, Президенттин жана Өкмөтүнүн басма сөз кызматтарында иштеген.

ЭлТР телеканалынын көркөм жетекчиси, Чүй облустук СТВ каналынын директору, NewTV каналынын башкы продюсери болуп иштеген.

Нурланбек Шакиев парламенттин төрагасы болуп өткөн жумада шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM