Биз менен байланышыңыз

Лотерея: Бир салыкчы жана үч кассирдин жеңиши жокко чыгарылды

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 2428 | 1

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 1-октябрында өткөрүлгөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын экинчи утушундагы төрт байге боюнча жыйынтыктарды жокко чыгарды.

Лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясы ойнотулган байгелер боюнча берилген материалдарды кароонун жыйынтыгында, эки iPhone 13, бир смартфон жана бир микротолкундуу мешти уткан лотереянын 4 катышуучусунун утуштары жокко чыгарылды.

Алардын үчөө өздөрү иштеген уюмдардын ККМ чектерин керектөөчүлөргө бербестен өздөрү сканерден өткөрүшкөн. Төртүнчү жеңүүчү аймактык салык органынын кызматкери экени аныкталды. Алар утуштарын алышпайт, белектер калган жеңүүчүлөргө тапшырылат.

Лотереянын шартына ылайык, берилбеген байгелер 30-декабрда боло турган үчүнчү турдагы байге фондуна өтөт.

1-октябрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушу өтүп, анда рандом ыкмасы менен 58 баалуу байге, анын ичинде автоунаанын ээлери аныкталган. Акыркы лотереянын оюну 30-декабрда болот.

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясын уюштуруу жана өткөрүү шарттарына ылайык катышуучу бир катар талаптарга жооп бериши керек. Анын ичинде – бойго жеткен, Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту бар, ошондой эле пайда алуу менен байланышпаган жеке (тиричилик) муктаждыктар үчүн гана товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алган же пайдаланган керектөөчү болууга тийиш.

1 пикир

1 пикир

  1. Айбек

    15.10.2022 21:37

    Менин жеке ойум мындай мен бирөөнүн жүк ташуучу унаасын айдаймын май куюучу жайларда чек талап кылып чекти бер десем майды куюуп кел анан берем дейт ошондо ал чекти скайнерден өткөрүп алатда туурабы сизден оюнуздар кандай билбедим

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM