Биз менен байланышыңыз

КМШнын кийинки саммити Бишкекте өтөт

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 374 | 0

Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ага ылайык, КМШнын кийинки саммити Бишкекте өтөт. 2024-жылды — Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Улутчулдукка каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды — Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо каралган.

Мындан тышкары, уюмга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу, терроризмге жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүү, эркин соода кызмат көрсөтүү долбоорун даярдоо, 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо тууралуу макулдашуулар бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM