Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Ооруканаларга электрондук кезекке туруу кызматын жайылтабыз

Ден соолук , Коом | 12 Окт 2022 | 1878 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында ооруканаларга электрондук кезекке турууну жайылтып жатат.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков министрлик ыйгарым укуктарына жараша иштерди аткарып жатканын, ошол эле учурда ооруканаларга электрондук каттоону жайылтуу кыйын болуп жатканын айтты. Учурда министрлик бул боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги ыйгарым укугуна жараша иштерди аткарып келет. Биринчиден, калкка медициналык кызмат көрсөтүү, оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык абалдын жакшы болушуна чараларды көрүү боюнча. Электрондук каттоо дагы деле толук кандуу ишке кире элек. Жайылтуу жана сапатын көтөрүү үчүн дагы бир топ иштерди жасоо керек. Бир эле дарыгерге бейтап электрондук да, жөнөкөй да кезекке туруп алат. Мунун айынан бир канча ызы-чуу жаралган учурлар да болуп жатат. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Келип кезек күтпөстөн, үйдөн эле онлайн катталып, анан келишсе болот. Бул — жарандар үчүн ыңгайлуу шарт, убактысын да үнөмдөөгө жардам берет».

Касымбеков быйыл гемодиализ алгандарга 1 млрд 26 млн сомго жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады.

«Кыргызстанда жалпы 36 гемодиализ борбору иштейт. Анын ичинен үчөө — мамлекеттики, отуз үчү — жеке менчик. Бирок алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында иштейт. Бул категориядагы жарандарга министрлик жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен 1 млрд 26 млн сом жардам көрсөтүлдү. Ушул жылдын тогуз айы ичинде 222 миң 800 сеанс өткөрүлдү. Кыргызстан боюнча 2,5 миңден ашык жаран гемодиализ алат».

Министрликтин маалыматына таянсак, быйыл Бишкек шаарындагы бир канча калкты медициналык тейлөө мекемелеринин курулуш иштери аяктады. Алар: Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борбору, Кургак учукка каршы шаардык ооруканасы. Ошондой эле мамлекеттик балдар ооруканасынын курулушуна капсула салынды.

Министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева коронавирус илдетин аныктоочу мамлекеттик лабораториялардын саны онго жеткенин айтты. Буга чейин эки гана лаборатория иштеп келген.

«Коронавирус жаңы тарап жатканда Кыргызстанда аталган илдетти жарандардан аныктоочу 2-3 гана лаборатория болгон. Акыркы күндөрү анын саны өсүп, биз 10 мамлекеттик лаборатория курдук. Анын ичинен аймактардагы жети лаборатория ушул жылы ишке берилет. Бүгүнкү күндө коронавирусту адамдардан аныктоочу жети лаборатория толук кандуу иш алып барууда. Жалпы жонунан алардын саны 15ке жетти. Буга чейин жаңы штаммды аныктоо үчүн Европа өлкөлөрүнө, Орусияга анализдерди жиберип, айлап күтчүбүз. Азыр лаборатория жана андагы адистер даярдалып, иштөөдө».

Министрликтин демилгеси менен оор илдетке чалдыккан бейтаптардын дарыларын алуу үчүн кошумча дагы 1 млрд сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу министрдин орун басары Улан Садыков билдирди.

«Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен кошумча дагы 1 млрд сом бөлүндү. Ал каражат оор илдетке чалдыккан жарандардын дарыларына жумшалат. Учурда каражатты бөлүштүрүү боюнча, кайсы ооруканага канча сом бөлүнөрү боюнча техникалык иштер жүрүп жатат. Биринчи тендер өттү. Жакынкы убакта кээ бир дарылар келе баштайт. Айрымдарынын келишине убакыт талап кылынат. Бирок бөлүнгөн каражатка 6 айдан 12 айга чейин жете турган дарылардын запасын даярдайбыз».

Өлкө боюнча 20 көп тармактуу оорукана куруу пландалууда. Ар бир оорукана керектүү заманбап техникалык жабдыктар менен камсыздалат.

Ошондой эле жакында бөйрөк алмаштырууда органдын шайкештигин аныктоочу лабораториялык жабдык келет. Мындай лабораториялык жабдыкты алууга Министрлер кабинетинен каражат бөлүнгөн.

Эми бөйрөктү алмаштыруунун бардык процедурасы: бейтапты даярдоо жана операциясы Кыргызстанда жасала баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM