Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик окуу жайдын жер участоктору ижарага мыйзамсыз берилген

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 262 | 0

Башкы прокуратура Ишенаалы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин имараттары жана жер участокторунун ижарага мыйзамсыз берилиши боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин маалыматына караганда, мамлекеттик мүлктөр мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен иш козголду.

Текшерүүдө Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайдын жооптуу кызмат адамдары жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Аукциондук борбор» мекемесинин мурдагы башчысы С.И. тарабынан 2018-жылдан 2022-жылга чейин аталган окуу жайга караштуу мамлекеттик имараттарды жана жер участокторун эч бир келишим түзбөстөн жеке жана юридикалык жактарга ижарага берип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM