Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Низами Гянжевинин аты берилген мектеп ачылды

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 250 | 0

Бүгүн, 12-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкектеги Низами Гянжеви атындагы мектептин ачылыш аземи болду. Ага эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров Ильхам Алиев катышты.

Мектептин аянты 2 миң 31 чарчы метрди түзөт, 550 орундуу. Класстардан тышкары чоң жыйындар жана спорттук залдар, ашкана, китепкана, мектептен тышкаркы иштер үчүн бөлмөлөр жана медициналык бөлүм, гимнастика аянтчалары, эс алуу аянттары, аймагында унаа токтотуучу жайлар каралган.

Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен 11-октябрда келди. Анын алкагында кызматташуу боюнча ондон ашык документке кол коюлду.

Низами Гянжеви — перс поэзиясынын классиги. Азия элдеринин орто кылымдагы адабий эстелиги жана фольклордук дастаны —  «Лайли-Мажнун» поэмасын топтогондордун бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM