Биз менен байланышыңыз

Апрелден бери Кыргызстандан Орусияга акча которуулар үч эсе өстү

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 651 | 0

2022-жылдын январь айынан август айына чейин Кыргызстандан Орусияга 572, 2 млн доллар которулган.

Бул тууралуу Улуттук банкка таянып, Ekonomist.kg порталы жазды.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын ушул мезгилинде акча которуулардын көлөмү 323 млн долларды түзгөн.

2022-жылдын башында акча которуулар былтыркы көрсөткүчтөн көп деле ашкан эмес. Бирок апрель айынан бери кескин секирик байкалган, былтыр бул мезгилде 44,5 млн доллар которулса, быйыл 73,3 млн долларды түзгөн.

Орусияга Кыргызстандан акча которуулардын көлөмү ай сайын өскөнү айтылат.

Мисалы, май айында – 8,1 млн доллар (2021-жылы 37,3 млн доллар),

июнда – 82,3 млн доллар (42.5 млн доллар),

июлда – 109,6 млн доллар (38,2 млн доллар)

августта – 120,6 млн доллар (41,7 млн доллар) которулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM