Биз менен байланышыңыз

Чаткалдагы кенде эки киши иске ууланып каза болду

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 108 | 0

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадан газ чыгып, 24 жана 36 жаштагы жумушчулар көз жумду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

11-октябрда түнкү күнү саат 02:29 чамасында Чаткал районундагы кен өндүрүүчү ишкананын инженери шахтада газ чыккандыгын кабарлаган. Шахта ичинде калган жаранды куткарууга тогуз куткаруучу тартылган.Дагы үч киши Ала-Бука аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кырсык Иштамберди кенинде казуу иштерин жүргүзүп жаткан Full Gold Mining компаниясынын участкасында чыкканын жазышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM