Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотекалык компанияга жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 345 | 0

Темиркул Балтабаев «Мамлекеттик ипотекалык компания» башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Мындай чечим компаниянын директорлор кеңеши тарабынан 18-июнда кабыл алынганы белгилүү болду.

Буга чейин Темиркул Балтабаев «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасын жетектеген.

18-июнда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM