Биз менен байланышыңыз

Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болду

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 387 | 0

Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Алмамбет Шыкмаматов  2023-жылдын 5-сентябрынан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп жаткан. Ага чейин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болгон.

Шыкмаматов Инвестициялар министрлигин да жетектеген. 2021-жылы 27-сентябрында ээлеген кызматынан кеткен.

Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты «Ата мекен» фракциясынын лидери болгон. Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM