Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.
Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын 5-сентябрынан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп жаткан. Ага чейин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болгон.
Шыкмаматов Инвестициялар министрлигин да жетектеген. 2021-жылы 27-сентябрында ээлеген кызматынан кеткен.
Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты «Ата мекен» фракциясынын лидери болгон. Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.