Биз менен байланышыңыз

Жаандын кесепетинен Ноокенде сел жүрдү

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 200 | 0

17-июнда кечке жуук саат 17:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жана Момбеков айылында сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Учурда Ноокен районунда селден улам 300 үй-бүлө эвакуацияланган.

Селдин кесепеттерин жоюуга жерине жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника тартылган.

Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургунун Э.Ж. аттуу өспүрүмдү сел алып кеткен.

Момбеков айыл аймагындагы сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар. Учурда эки айылдагы кооптуу болгон жалпы 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды.

Мындан тышкары, сел суулары Бишкек – Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптап, 1 чакырым аралыктагы жолдон сел суулары аккан. Саат 21:10до аталган унаа жол тазаланып, бир тараптуу ачылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM