Бишкектин Биринчи Май райондук соту 18-июндагы отурумда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун ишин карап, анда мамлекеттик айыптоочу Токтонасыровду үч жылга эркинен ажытарууну сурады.
Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады. Анын айтуусунда сот чечими 19-июнда чыгышы күтүлүүдө.
Өндүрүш Токтонасыровго 2023-жылы июлда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ага фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айып коюлган.
Былтыр 30-июнда белгисиз адамдар активист Өндүрүш Токтонасыровду унаага салып, алып кетишкен. Бир канча саат анын кайда экени белгисиз болгон.