Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүүдө

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 462 | 0

17-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 412 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 795 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 351 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM