Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча келишимди жактырды

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 165 | 0

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 18-июндагы жыйынында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин айтымында, долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт.

Үч өлкөнүн темир жол администрациялары менен биргелешкен долбоордук компания түзүлүп, курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү модели боюнча ишке ашырылат.

Министр белгиленгендей, биргелешкен долбоордук компаниянын ишмердүүлүгүн камсыздоо максатында кытай тараптын ыйгарым укуктуу уюму 51%, ал эми кыргыз жана өзбек тараптын ыйгарым укуктуу уюмдары 24,5% алат.

6-июнда Кытайдын Пекин шаарында Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров темир жолдун курулушунун башталышын тарыхый окуя деп атап, темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, Европа өлкөлөрүнө жана Перс булуңуна жаңы транспорт жолдорун ачарын айткан.

Долбоор Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды бириктире турган стратегиялык инфраструктуралык долбоор болуп, Борбордук жана Чыгыш Азиянын ортосунда жаңы кургактык транспорттук коридорун түзөт.

Келишимге кол коюу долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Ал үч өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун негизги принциптерин жана механизмдерин, анын ичинде темир жолду каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM