Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулар Ысык-Көлгө кирерде текшерилип жатат

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 304 | 0

Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулар Ысык-Көл облусуна кирер алдында текшерилүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Жогорку ылдамдыкта айдоо, каршы тилкеге ​​чыгуу жана башка эреже бузуулар, ошондой эле техникалык кароонун болушу жана лицензиялык талаптардын сакталышы текшерилип жатат. Буга чейин 135 миң сомдон ашык айып салынды.

Ошондой эле маршруттук унаалардын айдоочуларынын кан басымы текшерилип, жол эрежелери боюнча тийиштүү нускамалар жеткирилди.

Башкармалыктын вотсап номерине жүргүнчүлөр Ысык-Көлгө каттаган маршруттук таксилер катуу ылдамдыкта айдаганын, карама-каршы тилкелерге чыкканын, туура эмес жерлерден жүргүнчүлөрдү салып түшүргөндөрүн жана техникалык бузууларын сүрөт жана видео тасмага тартып жөнөтүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM