Биз менен байланышыңыз

Зомбулук боюнча ачык айткандар көбөйдү

Коом | 18 Июн 2024 | 340 | 0

Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылуулар 15% көбөйдү. Быйыл төрт айда Ички иштер органдарында үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 4767 учур катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 632 учурга же 15,3 пайызга көп. Зомбулук жасаган эркектерге карата 4135 убактылуу коргоо ордери берилген, 211 учурда аялдарга берилген. Бүгүнкү күндө өзүнүн укуктарын билгендер көбөйүп жатабы? 

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылуулардын саны 15,3 пайызга көбөйдү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Адинай Шаршеева үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жалпы катталган учурлардын 1363ү боюнча протоколдор түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Алардын 433ү коомдук иштерге тартылса, 690дон ашууну камалган.

«Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо органдарына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 4767, тактап айтканда салыштырмалуу 632 фактыга көп катталган. Берилген убактылуу коргоо ордерлери үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата 4346, анын ичинен зомбулук жасаган эркектерге 4135, аялдарга 211. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар боюнча кодекстин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен укук бузуу жөнүндө 1363 протокол түзүлүп, сот органдардын кароосуна жөнөтүлөн. Түзүлгөн протоколдор боюнча сот тарабынан чыгарылган чечимдердин негизинде коомдук ишке тартылгандар 433, камакка алынган жарандардын саны 691ди түздү».

ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 104 адамды түзүп, 32% га жеткен. Милицияга маалыматты зомбулукка кабылгандар, туугандары жана окуяга күбө болгондор беришкен. Катталган фактылардын 95%ында аялдар жабыркаган.

«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова бүгүнкү күндө зордук-зомбулук учурлары көбөйүп жатканын белгиледи. Ал буга зомбулук көрсөткөн адамдардын жалпы укук боюнча билими төмөн экенин жүйө келтирди.

Турдубекова учурда укук коргоо органдары бул багытта мурункуга салыштырмалуу 2-3 эсе жакшыраак иштеп жатканын айтты.

Ошондой эле ал азыркы күндө электрондук кызматтар ишке кирип, укук коргоо кызматкерлеринин мониторинг жүргүзүшү жеңилдеп калганын да кошумчалады.

«Зордук-зомбулук көбөйүп жатууда. Мунун себеби зомбулук көрсөткөн адамдардын жалпы укук боюнча билими абдан төмөн. Алардын зомбулук – кылмыш экенин, терс таасир берерин, кесепети кандай, адамдарга терс таасир алып келээри тууралуу түшүнүктөрү жок. Зомбулук көрсөтүп жатканда көп учурда жолдошу, чөйрөсүнө жакын туугандар болуп жатпайбы, тааныш адамдар көрсөтөт. Ал эми экинчиден балдарды калтырып кетүү маселесин, маданиятын оңдош керек. Мурунку замандай эле ата-энелер балдарын туугандарга калтырып коюп, жумалап кетип калат. Керек болсо, бир күн, бир саат калтырганга болбойт. Коопсуздуктун жаңы стандарттарын билиш керек. Бул зомбулуктун жөнөкөй кезек-кезек болгон окуяга карабай, күн сайын коркунуч алып келе турган көйгөйлүү маселе болду. Ошол үчүн бүгүнкү күндө ата-энелер балдарын менчик лагерге, туугандарына жиберишеби, биринчиден балдарын маалымат жагынан жана өзүнүн укугун коргоо жагынан даярдап туруп жибериш керек. Денесине коркунуч бар экенин, кайсы жакка барбаш керек экенин, коркунуч, терс таасир алып келе турган жайларды байкап, байкоо жагынан күмөндөр бериш керек. Экинчиден, чоң адамдар, балдар болобу зомбулукка учураганда тез эле коркконунан, ишенбегенинен жардам сураганга даяр эмес. Ишеним алып келе турган иш-чаралады көбүрөөк өткөзүш керек».

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча билдирүү жасаган.

Ал ушул жылдын башында Кадамжай районунда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан 23 жаштагы келиндин тагдыры аянычтуу аяктаганын билдирип, Фейсбук баракчасы аркылуу кыз-келиндерге кайрылган жана абалды көзөмөлүнө аларын айткан.

Укук коргоочу Калича Умуралиева үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылуулардын саны 15 пайызга көбөйгөнүн реалдуу факт деп эсептейт.

Ал бүгүнкү күндө зомбулуктун алдын алуу багытында иштелип жаткан мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

«Кайрлыгандардын көбөйгөнү бул реалдуу факт. Себеби азыр дүйнөдө аялдарга жана балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук күчөй баштады.  Социалдык тармактарда аябай көп көңүл бурулуп жатат. Бул процесс дагы да күчөйт, көбү кайрылат. Буга Жогорку Кеңеш дагы салымын кошуш керек. Мыйзамдын  негизинде бул процессти карап, кичине башкача өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Мисалы, азыр жеке айыптоо болуп жатпайбы. Көбүнчө аялдар тосмо арыз жазып, өзүнүн арызын алып кетип жатат. Ал эми жеке, коомдук болсо, аялдардын укугун коргогон бейөкмөт уюмдарга кайрылса болот».

Жыл башында президент Садыр Жапаров зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катаалдаткан мыйзамга кол койгон. Өзгөртүүлөргө ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесиндеги «жабырлануучу менен элдешсе жана келтирилген чыгымдын ордун толуктаса, жоопко тартылуудан бошотулушу мүмкүн» деген ченемдер зордуктоо кылмышынан таптакыр алып салынды.

Жаңы ченемдер боюнча зордукчулар кандай шартта болсо да, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт.

Copyright © 2017 Maral FM