Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 500 орундуу мектеп ачылды

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 299 | 0

Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кошумча имаратынын ачылышы болду. Өкмөттүн маалыматына караганда, 500 орундуу үч кабаттуу мектептин имараты салынды.

Курулуш иштери быйыл 30-апрелде башталган. Объекттин курулушуна 347 млн сом, техникалык жабдуусуна 13,2 млн сом жумшалган.

Мектептин ачылышына катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, жаңы конуштарга 5 мектеп салынды, калган мектептерде кошумча имараттар курулду. Жалпысынан быйыл 5 айдын ичинде Бишкекке 15 мектеп, 1 бала бакча курулду.

«Бишкекке бир дагы мектеп курулбай калган учурлар болгону эсибизде, мисалы, 2011, 2013, 2014, 2016, 2019 жана 2020-жылдар. Демократиялык жарылуунун туу чокусу, эң чоң ички миграция жүрүп, бир да мектеп салынган эмес. Жаңы конуштарга дагы 7 мектепти куруубуз керек», — деди Жапаров.

Жаңы ачылган мекетептин имаратынын биринчи кабатында башталгыч класстар, хореографиялык зал, 285 чарчы метр болгон спорт зал жана ашкана бар.

Экинчи кабатта: башталгыч класстар, 110 орундуу 277 чарчы метр аянттуу жыйындар залы бар. Үчүнчү кабатта предметтик кабинеттер жана лабораториялар жайгашкан.

Имараттын жалпы аянты 5035 кв.метр. Мектептин аймагында футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, чуркоо үчүн аянтча жана воркаут аянтчасы курулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM