Биз менен байланышыңыз

Орусияга иштегени бара турган кыргызстандыктарга ИИМдин билдирүүсү

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 1155 | 0

Ички иштер министрлиги Орусияга иштөө бара жаткан кыргызстандыктарга чек арадан кирүү эрежелери боюнча билдирүү таратты.

Анда айтылгандай, «Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө» жана «Россиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдар күчүнө кирген.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

— Орусияга кирген күндөн тарта 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;

— Орусияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбоо, жугуштуу оорулар жана ВИЧтен улам пайда боло турган оорулары бар- жогун аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;

— медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

Эгер кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.

Copyright © 2017 Maral FM