Биз менен байланышыңыз

Баткенде кыйраган айылдардын башкы планы иштелип чыгууда

Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 393 | 0

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркаган Баткен облусундагы калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыга баштады.

Мекеменин маалыматына караганда, жумушчу топ Баткен районунун Достук, Капчыгай жана Ак-Сай айылдарынын башкы пландарын иштеп чыгууда.

Азыркы учурда долбоорлонгон участокторго изилдөө жүргүзүлүп, иштин көлөмү аныкталды. Айыл округдарынын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү калк менен жолугушуулар өткөрүлгөнү айтылды.

«Башкы пландарды иштеп чыгууда бардык компетенттүү пикирлер жана сунуштар эске алынууда» , — деп айтылат маалыматта.

Быйыл 14-17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган куралдуу агрессиясынын кесепетинен Баткен облусундагы  жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык, жарандык объектилер кыйраган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жай тургундар мерт болуп, 200гө жакын киши жараат алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM