Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан кой этин Бириккен Арап Эмираттарына экспорттойт

Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 667 | 0

«Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасынын көмөгү менен Al Sileitiin Trading Company ишканасы жана «Торо» атамекендик компаниясы ай сайын кой этин Бириккен Арап Эмираттарына (БАЭ) жеткирүү боюнча келишим түздү.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.

«Торо» ЖЧКсы көлөмү 50дөн 100 тоннага чейин болгон кой этин үч этап менен экспорттойт.

БАЭнин рыногуна айыл чарба жана тамак-аш азыктарын жеткирүү үчүн компаниялар импорттоо боюнча учурдагы талаптарга жооп бериши керек жана эреже катары, төмөнкү шайкештик сертификаттар талап кылынат:

-ветеринардык сертификат,

-«Халал» сертификаты,

-азык-түлүк сертификаты,

-фитосанитардык сертификат.

Бириккен арап эмираттарында эттин жана эт азыктарынын үлүшү өлкөдөгү импорттун 10,3%дан ашыгын түзөт. Экономика министрлиги келечекте БАЭ Кыргызстандан эт сатып алган негизги ири импортер болуп калышы мүмкүн экендигин билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM