Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Элдик көзөмөл» бирикмесинин башчысы сот төрагасынан пара алып кармалды

Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 494 | 0

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасы жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

3-октябрда пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, А.О. аттуу жаран 200,0 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар талап кылган.

Кармалган адам бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткирирерин жана массалык маалымат каражаттарына жарыялайм деп коркуткан.

Ошол эле учурда А.О. беделине шек келтирген жүйө менен судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга президенттин администрациясында болгон байланыштар аркылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады.

Кармалган А.О.,  алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында, К.Т.А. аттуу жарандын кызыкчылыгына жасалма арыз алган.

УКМКнын маалыматына караганда, А.О. жана К.Т.А. мурда «зордуктоо» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM