Биз менен байланышыңыз

6-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 337 | 0

Эртең, 6-октябрда Баткен, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5 күндүз +16…+21,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +21…+23 градус болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM