Биз менен байланышыңыз

Акаев: Талант Мамытов оор кырдаалда жоопкерчилик алган

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 664 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин отставкага кеткен төрагасы Талант Мамытов мындан эки жыл мурунку Октябрь окуялары учурунда спикерлик кылып, чоң жоопкерчиликти алганын айтты.

Азыр өз ыктыяры менен кызматын тапшырып жатканын, депутаттар аны колдоп келгенин белгиледи.

Эми кечиктирбестен бүгүнкү жыйындын күн тартибинде жаңы төраганы бекитүүнү сунуштады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн кызматын тапшырганын жарыялады. Ал отставкага кетүүнү жеке чечими экенин билдирди.

Талант Мамытовдун өмүр баяны жана эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалымат. 

1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында туулган;

1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5 орто мектепти аяктаган;

Жогорку билимдүү;

1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» бөлүмүнө тапшырган;

2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган;

2001-2002-жыл — Жалал-Абад облусунун прокуратурасынынмыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор;

2002-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчүсүнүн кызматында болгон;

2004-2005-жылдары Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы, 2005-2006-жылдары Кыргызстандын башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурорунун кызмат орунуна ээ болгон;

2006-жыл – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген;

2006-2007-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары кызматында иштеген;

2007-2009-жылдары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору катары иштеген;

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон. 2011-2013 жылдары «Ата-Журт» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп шайланган;

2015-жылы «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;

2020-жылдын 4-ноябрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган;

Үй бүлөөлү, төрт баланын атасы.

Copyright © 2017 Maral FM