Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 541 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда мугалимдерди жана билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өтө чыдамкайлыкты, талбаган эмгекти талап кылган мугалимдик кесиптин коомду калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү мааниси зор экенин белгилеп, мугалимдер менен окутуучулардын мээнети терең сыйга татыктуу экенин айтты.

«Мектеп баштаган билим берүү мекемелеринде балдар өз өлкөсүнүн тарых-таржымалын, эне тилин, маданияты менен каада-салтын окуп-үйрөнүүнүн негизинде өзүн жаран деп таанып билет, Кыргызстан калкынын биримдигине жооптуу экенин сезип-туят.

Улутуна, ишенимине, тилине карабай, кыргыз жараны катары мекенчилдик, атуулдук, өз өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимдери калыптанат. Жаштарыбыз дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө илим, ишкердик жана башка багыттарда албан-албан ийгиликтерге жетишип жатышат. Мында урматтуу мугалимдерибиздин эмгеги зор» , — деди Жапаров.

Мамлекет башчы билим берүү тармагын өнүктүрүү менен азыркы замандын чакырыктарына жооп берүү мүмкүнчүлүгү жаралат деп эсептейт. Мунун аркасында өлкө туруктуу өнүгүү жолун ийгиликтүү улантат.

Мугалимдер тууралуу декларация 1994-жылдын 5-октябрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган. Ошол күндөн тарта бул күн дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө Мугалимдердин эл аралык күнү катары белгиленип келет.

Кыргызстандан мугалимдердин кесиптик майрамы 2014-жылга чейин октябрь айынын алгачкы жекшембисинде белгиленип келген. 2014-жылдын 24-октябрында кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык, 2015-жылдан тарта Мугалимдер күнү 5-октябрда майрамдалат.

Copyright © 2017 Maral FM