Кыргызстанда 4-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу жаан жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,
Бишкек мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +18…+20 градус болот.