Жогорку Сот «Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновдун иши боюнча эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, иштин материалдарын кайра кароого жөнөттү.
2022-жылдын 16-июнунда Кадырбек Досоновго карата ачылган иш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Кара-Суу райондук соту тарабынан токтотулган.
2021-жылдын 23-декабрында Досоновдун баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган. 24-декабрда ага карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлгөн.