Биз менен байланышыңыз

Элчилик кыргызстандыктарды согуштук аракеттерге катышуудан алыс болууга чакырды

Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 1021 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды чет мамлекеттердеги куралдуу кагылышууларга же аскердик операцияларга катышуудан алыс болууга чакырды.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде жарандар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

«Орусиянын Мамлекеттик Думасы Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүк жарандардын Орусиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам актыларын кабыл алды. Буга байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы жарандарын чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертет», — деп айтылат билдирүүдө.

21-сентябрда Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланганы маалым болду.

«Аскердик кызматка учурда запаста турган же мурда Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн, тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар чакырылат. Чакырылгандар аскердик бөлүктөргө барар алдында атайын операциянын өзгөчөлүгүн эске алып, кошумча даярдыктан сөзсүз өтөт», — деди Орусия президенти лидери Владимир Путин.

Copyright © 2017 Maral FM