Эртең, 21-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +28…+30 градус болот.