Биз менен байланышыңыз

Президент Антониу Гутерриш менен жолугушат

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 836 | 0

Бүгүн, 20-сентябрда президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Американын Нью-Йорк шаарына келди. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка карганда, мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

БУУнун башкы ассамблеясынын 77-сессиясы 20-26-сентябрь аралыгында Нью-Йоркто өтөт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров өткөн жылы апрелде БУУнун Азия жана Тынч океан региону боюнча экономикалык жана социалдык комиссиясынын сессиясына онлайн катышып, тоолорду сактоо боюнча демилге көтөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM