Биз менен байланышыңыз

Мекен үчүн шейит кеткен баатырлар… (тизме толукталууда)

Блог | 19 Сен 2022 | 3214 | 1

Тажикстандын Кыргызстандын аймагына кол салуусунан улам каза тапкандардын саны 19-сентябрь саат 14:00гө карата 59га жетти. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери. Бул макалада Мекенди коргоп жатып баатырларча курман болгон шейиттерибиз тууралуу маалыматтарды чогулттук.

1. Акчалов Чыңгыз (24 жаш)

Тажиктердин куралдуу кол салуусунан улам шейит кеткендердин катарында ага лейтенант Чыңгыз Акчалов да бар. Ал 1998-жылы Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылында туулган. Баткенде эли-жери үчүн курман болгон Чыңгыз кичинекей кезинен эле аскер кызматкери болууну самаган. Чыңгыз Акчалов Мекен алдында жасаган эмгеги үчүн өлкө башчынын колунан сыйлык алган. Мындан тышкары Москвада өткөн парадга да катышып келген. Маркум 16-сентябрда Баткенге кол салган тажик аскерлеринин мизин кайтаруу учурунда шейит кеткен. Чыңгыз Акчаловдун сөөгү бүгүн туулган жерине коюлду.

2. Анарбеков Дастан (21 жаш)

Тажикстандын кол салуусунан улам Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн 21 жаштагы Дастан Анарбеков каза болду. Мындан үч ай мурун Дастан Анарбеков «Достук» чек ара заставасынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Ал беш бир туугандын экинчиси болчу. Дастан Анарбеков Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы аскер институтун кызыл диплом менен аяктаган. 16-сентябрда тажиктердин куралдуу кол салуусунан улам каза болду. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле аскер адамы болууну кыялданып келген.

3. Жаңыбай уулу Тилек (26 жаш)

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгондордун арасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айылынын тургуну, прапорщик Жаңыбай уулу Тилек да бар. Ал 26 жашта болчу. Учурда сөөгү табылбай жатканы айтылууда.

4. Канатбеков Агадил (23 жаш)

Баткен облусунда тажик тараптын аскердик кол салуучу учурунда прапорщик Канатбеков Агадил Канатбекович Кыргыз Республикасынын чек арасын басып кирген душмандан коргоп жатып баатырларча курман болгон.

Канатбеков Агадил Канатбекович 1999-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында туулган. Ошол эле айылдагы орто мектепти 9-класска чейин окуп, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы коллежде «Унаадагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу» адистигинде билим алган.

2018-жылдын 30-октябрында Жети-Өгүз райондук аскер комиссариаты тарабынан мөөнөттүү аскер кызматына, Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу департаментине чакырылган. 2019-жылы аскердик кызматын ийгиликтүү өтөп келген.

2022-жылдын март айында Чек ара кызматынын Баткен облустук №2053 аскер бөлүгүнө контракттык негизде кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.

Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болгон.

5. Айбек Абдилабеков (29 жаш)

Баткен облусунун чек ара аймагындагы куралдуу кол салууда ИИМдин Ички аскерлеринин №707 бөлүгүнүн кызматкерлери, анын ичинен катардагы жоокер Абдилабеков Айбек Авалтканович баатырларча курман болгон. Ал 29 жашта болчу.

6. Каныбек уулу Дурус (30 жашта)

Баткен облусунун чек ара аймагындагы куралдуу кол салууда ИИМдин ички аскерлеринин №707 бөлүгүндө эмгектенген улук сержант Каныбек уулу Дурус да шейит кеткен. Ал 30 жашта болчу.

7. Ташбеков Ачылбек (39 жаш)

ИИМдин ички аскерлеринин №707 бөлүгүнүн улук сержанты Ташбеков Ачылбек Абдибаабович да Мекенди коргоо учурунда баатырларча курман болду. Ачылбек Ташбеков Баткендин Базар-Башы кварталынан болот. 1984-жылы туулган, үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы болчу. Сөөгү 17-сентябрда саат 18:00дө жерге берилди.

8. Баатырбеков Манасбек (27 жаш)

17-сентябрь күнү Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда Баткен шаарынын 27 жаштагы тургуну, ИИМдин ички аскерлеринин №707 бөлүгүнүн кенже сержанты Манас Баатырбеков да шейит кетти. Жакындарынын айтымында, анын үйлөнүү тою ушул жылдын 2-октябрына белгиленген болчу. Ал кесиптештери менен «Головной» тилкесинде жүргөн учурда снаряд жарылган.

9. Иманбеков Жеңишбек (22 жашта)

Иманбеков Жеңишбек Нарын облусунун Жумгал районунун Мин-Куш айылында 2000-жылы 9-майда төрөлгөн. Ал 2019- жылы аскерди аяктап, аскер түзүмүндө келишимдик негизде иштеп жаткан болчу. Туугандарынын айтымында, ушул күздө үйлөнмөк.

10.  Ысманов Айбек (35 жашта)

Ысманов Айбек Абдималикович Баткен районунун Баткен айылында 1987-жылы туулган. Ал эмгек жолун 2010-жылдын май айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаардык жана Баткен райондук бөлүмүнүн №26 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу кызматында баштаган.

Маркум 2021-жылдын март айынан тарта №106 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип, адам өмүрүн куткарууга өз салымын кошуп келген.

Лейтенант Айбек Ысманов 2022-жылдын 16-сентябрында кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон аскердик кол салууда курман болду. Ал Ак-Сай аймагындагы жарандарды куткаруу учурунда курчоодо калып, тажик аскерлери тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Артында 3 уулу калды.

11. Балыкчиев Амангелди (20 жаш)

Балыкчиев Амангелди Калетович 2002-жылы 28-августта Кемин районунун Бообек айылында туулган. Жоокер Чек ара кызматынын Баткен облустук бөлүгүндө милдетин өтөп жаткан. 2022-жылдын 16-сентябрында баатырларча курман болду.

Амангелди үч бир туугандын ортончусу болгон. Анын сөөгү 19-сентябрда жерге берилди.

12. Апсамат Жекшенбек уулу (24 жаш)

Улук лейтенант Апсамат Жекшенбек уулу 24 жашта болчу. Ал Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында туулган.

13. Баатырбек Райимкул уулу (42 жаш)

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери Баатырбек Райимкул уулу да курман болду.

Ал 42 жашта болчу. №2022 аскер бөлүгүнүн «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери болуп Баткенде кызмат өтөп жүргөн. Баатырбек Райимкул уулу 2014-жылы Ата Мекенди коргоодо, кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Артында үч кыз, бир уулу калды.

14. Эрлан Турсунбаев (26 жаш)

Эрлан Турсунбаев 1996-жылы Кара-Балта шаарында туулган. Ал Баткен облусундагы «Тамдык» чек ара заставасынын башчысы болчу.

Маалыматка ылайык, аскерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кара-Балта шаарында өттү, ал эми сөөгү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жерге берилди. Чек ара заставасынын начальниги Эрлан Турсунбаев үй-бүлө кура элек болчу. Атасы Нурадин Турсунбаев 2012-жылы, улуу агасы Малик Турсунбаев 2008-жылы каза болгон.

Маркумдун артында апасы, эжеси жана иниси калды.

15. Жаныбеков Нурсултан (27 жаш)

Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын ага сержанты Жаныбеков Нурсултан Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда шейит кетти.

Нурсултан Жаныбеков 1995-жылдын 25-июлунда Нарын районунун Оттук айылында жарык дүйнөгө келген. Сержант Жаныбеков Нурсултан Таалайбековичтин мекенине кылган кызматы бааланып, КР Президентинин Ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу болчу.

16. Баратов Нурбек (19 жаш)

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда «Кулунду» заставасында кызмат өтөгөн 19 жаштагы аскер Нурбек Баратов көзүнө ок тийип шейит кетти.

Ал 2003-жылы Сүлүктү шаарында туулган. Ушул жылдын апрель айында контракттык негизде кызмат өтөөгө кеткен. Аскерде жүргөндө «мекенимди коргойм» деп, андан ары кызматын уланткан. Үйлөнгөн эмес. Үй-бүлөдө 3 бир тууган болчу. Артында ата-энеси, 2 карындашы калды.

17. Мамасыдыков Наркозу

Мамасыдыков Наркозу Ак-Сай айылында душмандын курчоосунда калып, огу түгөнгөнгө чейин атышып жатып жан берген.

Ал Кадамжай районунун Чечме айылында туулган.

18. Сулайманов Муктарбек (25 жаш)

Сулайманов Муктарбек 17-сентябрда Баткенде тажик баскынчыларынын огунан шейит кетти. Ал Алай районун Бүлөлү айыл округунан болчу.

19. Ташмырзаев Марат (20 жаш)

Марат Ташмырзаев Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядында эмгектенген. Ал да Тажикстан аскерлеринин Баткен аймагына кол салуусу учурунда шейит кетти.

Жоокердин сөөгү 18-сентябрда Кадамжай районунун Марказ айылында жерге берилген.

Марат Ташмурзаев 2002-жылы жарык дүйнөгө келген. Кадамжай районунун Айдаркен шаарында чоңойгон.

20. Какеев Мирлан (34 жаш)

Какеев Мирлан Эсенгулович Аламүдүн районундагы Костантиновка айылында 1988-жылы 8-мартта жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы эле.

2006-2007-жылдары ӨКМдин Сокулук райондук бөлүмүндө эмгек жолун баштап, 2021-жылы Аламүдүн райондук бөлүмүнө которулган.

2022-жылдын июнь айынан бери Баткен облусундагы №707 аскер бөлүгүндө келишимдик негизинде кызмат өтөп жаткан.

21. Даниэлбек Малашев (24 жаш)

Тажикстандын кол салуусунан курман болгон 24 жаштагы аскер кызматкери Даниэлбек Малашев үйдүн жалгыз уулу болчу. Анын сөөгү Сузак районунун Кара-Чолок айылында жерге берилди.

22. Данил Таалайбек уулу (20 жаш)

20 жаштагы улук сержант Данил Таалайбек уулу «Капчыгай» чек ара заставасында кызмат өтөп жаткан.

23. Бектенов Гүлжигит (27 жаш)

1995-жылдын 2-февралында Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылында туулган.

2013-2017-жылдары Казакстан аскердик академиясында билим алып, 2017-жылдан баштап Баткен облусунун Лейлек районундагы «Бөрү» отрядынын 1-тобунун командири кызмат ордунда дайындалган.

2019-жылы КР Президентинин «Даңк» медалы ж.б. көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган. Гүлжигит 2022-жылдын 16-сентябрында Баткен облусунда болгон окуяда баатырларча курман болду. Артында бир айлык кызы калды .

24. Бекмырза Шарабидин уулу (26 жаш)

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта окко учкан Бекмырза Шарабидин уулу 16-сентябрда Лейлектеги «Кулунду» чек ара бекетин аткылоодо курман болгон. Маркумдун сөөгү 18-сентябрда Ноокен районундагы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Арык айылында жерге берилди.

Бекмырза Шарабидин уулу 1996-жылы туулган. 2015-жылы Улуттук гвардияда бир жыл кызмат өтөп, 2016-жылдан бери келишимдик негизде Чек ара кызматында аскер кызматкери болуп иштеп келе жаткан. Алгач №2027 «Маданият» чек ара бекетинде иштеп жүрүп, 2020-жылы Лейлектеги «Кулунду» чек ара бекетине которулган.

Чек ара кызматынын маалыматында «Бекмырза Шарабидин уулу 2021-жылы апрель-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда мекенди жана чек араны активдүү коргогон. 2022-жылы, 16-сентябрь күнү Лейлектеги «Кулунду» чек ара бекетинде баатырларча курман болду» деп жазылган.

25. Ислам уулу Бектур (31 жаш)

Лейлектеги №2001 аскер бөлүгүнүн кызматкери, прапорщик Ислам уулу Бектур кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда, 16-сентябрда курман болду.

Ал 1991-жылы Ош облусунун Жапалак айылында туулган. №2001 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Артында 2 баласы калды.

27. Баяман Акылбек уулу (27 жаш)

Ала-Бука районундагы Жапа-Салды айылында 1995-жылы туулган. Ал да Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын прапорщиги болгон. Жакындарынын айтымында, Баяман менен келинчеги жакында тун наристесин күтүп жаткан болчу.

28. Кулатбек Абдисамат уулу (31 жаш)

Чек ара кызматынын дагы бир жоокери Кулатбек Абдисамат уулу да Баткендеги каргашалуу согушта курман болду.

29. Бейкут Алмаз уулу (26 жаш)

Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан 26 жаштагы улук лейтенант Бейкут Алмаз уулу каза болду.

Ал Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган. 2013-жылы Бишкектеги жогорку аскер институтуна тапшырып, окууну 2017-жылы ийгиликтүү аяктап, Баткен облусунун заставаларына бөлүнгөн. 2021-жылдын апрелиндеги Баткен коогалаңында жарадар болуп, анда көрсөткөн эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу эле. Ата-энеси да аскер кызматкерлери болгон.

30. Мырзажанов Мыктыбек (23 жаш)

16-сентябрь күнү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан ИИМдин Атайын багыттагы «Шумкар» полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын улук сержанты Мурзажанов Мыктыбек Ниматович баатырларча курман болду.

Мыктыбек Мурзажанов 2019-жылдан тартып Кыргызстандын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан ѳзүнчѳ ротасында кызмат өтөп, өз милдетин мыкты аткарган, эл-жери үчүн күйгөн кичи пейил кызматкер катары кесиптештеринин элесинде калды.

Мыктыбек үй-бүлөдө төрт уулдун кичүүсү. Ал 1999-жылы өзү өскөн Айдаркен шаарында төрөлгөн.

31. Набиев Алишер (22 жаш)

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 22 жаштагы аскер Алишер Набиев да шейит кетти. Ал 16-сентябрдагы куралдуу кол салууда курман болгон.

Алишер Лейлек районунун Кулунду айылынын кулуну. «Үй-бүлөнүн улуу баласы болчу. Атасы жакында эле Орусиядан келген. Күзүндө үйлөнөм деп жүргөн. Ал боорукер, шайыр жигит болчу. Ал башка жигиттердей эле армияга кеткен, кызматты өтөп бүтүп, март айында ошол жерде иштөөгө калып калган», — деп билдирген жакындары.

32. Ураимов Эламан (29 жаш)

Тажикстандын Кыргызстандын Баткен облусуна болгон куралдуу кол салуусунда курман болгон 29 жаштагы баатыр, батальондун командири Эламан Ураимовдун сөөгү Кара-Суу районунун Савай айылында жерге берилди.

Жакындарынын айтымында, ал курчоодо калып, туткунга түшпөө үчүн өзүн жардырып, беш-алты тажик аскерин да «ала кеткен». Артында бир уул, бир кызы калды.

Эламан Ураимов Суворов мектебин, кийин Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтун аяктап, Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан. Капитан, батальондун командири болгон.

33. Мамытов Нургазы (34 жаш)

Баткен районунун Актатыр айылынын тургуну 1988-жылы 5-майда туулган прапорщик Мамытов Нургазы Миталипович да Тажикстандын аскердик кол салуусу учурунда баатырларча курман болду.

Жанында жүргөн аскерлердин өмүрүн сактап калуу үчүн өзүнү душмандарга тосуп берген.

34. Айдарбек Айбеков (19 жаш)

Айдарбек 2003-жылы Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. Мекенди коргоо үчүн өз ыктыяры менен Баткен облусунда аскердик милдетин өтөп жатып, куралдуу кол салууда огунан каза болду.

1 пикир

1 пикир

  1. Сапар

    22.09.2022 20:11

    Терең кайгыруу менен үй бүлөсүнө ата энесине туугандарына көңүл айтам,сабр кылыңыздар.Кыргызымдын баатырлары эч качан унутулбайт.Жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM