Биз менен байланышыңыз

Президент Акжол Махмудовду дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады

Кыска кабар , Спорт | 12 Сен 2022 | 709 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда балбан Акжол Махмудовду грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.

Президент Фейсбуктагы билдирүүсүндө, ага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалаган.

«Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок.

Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм!

Бар бол баатыр!», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Кечээ, 11-сентябарда Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон. Бул Кыргызстандын тарыхындагы эркектер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча алгачкы алтын медаль болду. Балбан Акжол Махмудов 77 кг салмакта финалда венгриялык Золтан Леваи менен күрөштү. Атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпион болду. Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-сентябрда башталган, 18-сентябрда аяктайт. Ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу барган.

Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду

Copyright © 2017 Maral FM