Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар | 12 Сен 2022 | 914 | 0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул Кыргызстандын тарыхындагы эркектер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча алгачкы алтын медаль болду.

Балбан Акжол Махмудов 77 кг салмакта финалда венгриялык Золтан Леваи менен күрөштү. Атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.

Махмудов мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты. Ал бразилиялык балбанды 11:1 эсебинде, андан кийин мексикалыкты 8:0 эсебинде утту.

Чейрек финалда түркиялык балбанды 9:7 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда кореялык балбан кармашып, аны 4:1 эсебинде жеңди.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-сентябрда башталган, 18-сентябрда аяктайт. Ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу барган.

 

Copyright © 2017 Maral FM