Биз менен байланышыңыз

Президент: Алтындын каякка сатылып жатканы айтылбайт

Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 2242 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кумтөр» кенине байланыштуу кезектеги маегин «Кабар» улуттук агенттигине берди. Анда ал кайсы өлкөгө сатылганы белгисиз 19 тонна алтын тууралуу түшүндүрмө берди.

«Ал эми «19 тонна, 21 тонна алтындарды жашырып коюшуптур» деп ач айкырык салып, билип-билбей сүйлөп жаткан инилериме түшүндүрүп берейин. Мындан ары билип жүрүшсүн. Өздөрүнө жакшы болот. Алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда, баары жашыруун болот. Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы самолёт менен алынып кетип жаткандыгы өзгөчө жашыруун. Бул элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жашыруун болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн. Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат.

Эч ким мамлекетти алдай албайт.

Мурдагыдай тараза таппай коюп, көз өлчөм менен жөнөтүп жибердик деген заман жок азыр.

Дагы бир элге айтып койчу маселе, ошол эле инилерим «Кумтөрдөн» алтын уурдалып жатат» деп кыйкырышат. «Кумтөрдөн» бир килограмм алтынды биякка коелу, бир грамм алтын эч ким уурдай албайт. Ар бир пунктта беш-ондон киши актыга кол коюшат. Ар бир граммын таразага тартышат. Андан сырткары баары санариптештирилип, 24 саат бою видеокөзөмөлдөр коюлган. Бул жагынан канадалыктарга баа берсек болот», -деп билдирген өлкө башчы.

Белгилей кетсек, буга чейин 19 тонна алтын кайсы өлкөгө сатылганы тууралуу маалымат жашыруун болуп, Улуттук банктын аракети сынга кабылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM