Биз менен байланышыңыз

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдарынын саны көбөйдү

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 393 | 0

Оштон Ысык-Көлгө дагы бир каттам ачылганын «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Sky FRU авиакомпаниясы жумасына төрт жолу — дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү Ош-Ысык-Көл багыты боюнча түз аба каттамын ачты.

Кечээ, 1-июлда алгачкы каттам менен Оштон Ысык-Көлгө 153 жүргүнчү барды. Ушул каттам менен 153 жүргүнчү кайрадан «Ош» эл аралык аэропортуна учту.

Буга чейин «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Ысык-Көл аба каттамын ачкан.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынан Ысык-Көл районундагы Тамчы айылына түз аба каттамдары 1-июлдан тарта жанданган.

Copyright © 2017 Maral FM