Биз менен байланышыңыз

Түмөнбай Колдошов айтылып жаткан иш боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 1220 | 0

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын директору Түмөнбай Колдошов анын атына айтылып жаткан айыптоо боюнча түшүндүрмө берди.

Кечээ, 19-августта айрым маалымат каражаттарында Түмөнбай Колдошов жана ал жетектеген окуу жайдын башкы эсепчиси Таалайгүл Бердалиеванын жемкорлукка айыпталып жатканы айтылган.

Түмөнбай Колдошов өз кайрылуусунда, мыйзамсыз чегерилген акчаларга тиешеси жок экендигин айткан.

«2021-жылдын 8-апрелинде Таалайгүл Бердалиева өз каалосу менен жумуштан кеткен. Ал кызматтан бошогондон кийин 2 айдан соң коллежде иштебеген үч адамга жана башкы эсепчи өзүнө мыйзамсыз маяна алып жүгөндүгү боюнча маалымат алдык. Ал акчаларга менин эч кандай тиешем жок жана ал акчаларга кол койгон эмесмин. Таалайгүл Бердалиева акчаны толугу менен кайтарып берүүгө убакыт сураган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин толук кайтарыла элек», — деди ал.

Бул иш Биринчи май райондук прокуратурасында тергелип жатат. Бул боюнча окуу жайдын тиешелүү адамдары жана жетекчиси сурак беришкен.

Ошондой эле Колдошов тергөөнүн жыйынтыгы менен ким күнөөлүү болсо жоопко тартыларын жана өзү дагы жетекчи катары жоопкерчилиги бар экендигин билдирген.

Ошондой эле бул иштерден эч кабары болбогонун, болсо да жол бербестигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM