Биз менен байланышыңыз

Аскер институтунда каза болгон жоокердин өлүмүнө шектүү кармалды

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 11725 | 0
Фото: Айбек Бийбосунов

Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы Аскер институтунда каза болгон аскердин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган ишке шектүү катары кароол кызматынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу» жана «Кароолдук кызматтын тартибин бузуу» беренелери боюнча иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары кароолдун башчысы А.К. кармалып, 48 саатка жаза абагына киргизилди.

Эске салсак, 19-августта Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Аскердик институтта аскерге чакырылган жоокер өзүн атып алганын маалымдаган. Кырсык 18-августта саат 22:10 чамасында болгон. Ал 19 жашта болуп, Каракол шаардык аскер комиссариаты тарабынан чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM