Биз менен байланышыңыз

Издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кармалды

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 228 | 0

Издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 40 жаштагы М.К. аттуу тургуну өзүнүн «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап качкандыгын билдирип арыз менен милицияга кайрылган.

Бул арыз Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26 жаштагы Р.Ж. аттуу тургунуна издөө иши ачылган.

Шектүү жаран Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан 18-августта кармалган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM