Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 1,2 млн сомдук контрабандалык тамеки кармалды

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 155 | 0

Бажы кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Кара-Кол шаарынын чыга беришинен Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын ичинен 1,2 млн сомдук контрабандалык тамеки табылган. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда 260 даана акциздик маркалары жок фильтри менен тамеки табылган. Товардын жалпы баасы 1 млн 215 миң сомду түзгөн.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, чогултулган материалдар мыйзамга ылайык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM