Биз менен байланышыңыз

20-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 235 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 20-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +23…+25 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM