Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Аскер институтунда аскер өзүнө ок атып каза болду

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 916 | 0

Кыргызстандын Куралдууу күчтөрүнүн Аскер институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 18-августта болжол менен саат 22:10до катталган.

Катардагы аскер кызматкери 2003-жылы туулган С.С.Ч. Каракол шаардык бириктирилген аскер аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Ал кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Алган жараттын кесепетинен жеринде каза болгон.

Министрликтен кошумчалашкандай, учурда кызматтык иликтөө дайындалган. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Кошумчалай кетсек, Аскер институту, Коргоо министрлиги, МУККтун Ички аскерлери, Чек ара аскерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жазаларды аткаруунун мамлекеттик кызматы үчүн адистерди даярдайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM