Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында 46 млн сомго эс алуу багы курулду (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 302 | 0

Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында Т.Байзаков атындагы эс алуу багы ачылды. Парк жалпы сегиз гектар аянтты ээлеп, курулушка жергиликтүү бийлик 46 млн 616 миң сом акча каражатын жумшаган. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана жергиликтүү бийлик жетекчилери жана калаа тургундары катышты.

Облус башчысынын орун басары белгилегендей, жашыл жана таза зонадагы сейил бак жарандардын активдүү жашоо образын түзүүгө чоң салым кошот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM