Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө уруксат берилди

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 476 | 0

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу билдирүү жазды.

Султанбаев билдиргендей, башка жердин жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилген.

«Президент Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген. Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин «жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат» деген үнүн уккан. Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан, мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбасатан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди»,  — деп жазган Султанбаев.

Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн, жыл сайын 50 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөө боюнча келишим кабыл алынгандыгын кошумчалаган.

Мындан сырткары, алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлө тургандыгын, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болгонун, кенди иштетүүдө цианид колдонулбай тургандыгын белгилеген.

Алтын Кара-Балтада аффинаждалат.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү жашоочулар бир нече жолу Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык Zhong Ji Mining Company компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM