Биз менен байланышыңыз

Баткенде жеке ишкер чакан ГЭС курду

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 189 | 0
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыштут айылында чакан ГЭС ишке кирди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

ГЭСтин ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10МВт болгон, сметалык баасы 7 млн долларды түзгөн ГЭСтин курулушу 2021-жылы жеке ишкер А.Калпаев тарабынан башталган.

ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда 1-каскадтын 100% жумушу аяктады. Тактап айтканда 2 даана бассейн, 700м аралыктагы канал курулуп, 5 км аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң доллар жумшалган.

Ишке киргизүү менен Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен камсыздалуусу күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM