Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Тазалык» ишканасындагы коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 270 | 0

Бишкек мэриясына карштуу «Тазалык» ишканасынын жооптуу адамдары тарабынан кызматкерлердин эмгек акысын эсептөөдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Тазалык» ишканасынын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, акча каражаттарын чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Тазалыктын» кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн иш жүзүндө иштебеген же кыскартылган жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан адамдарга кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө схемасын уюштуруп алганы аныкталган.

Чыгарылып кеткен каражаттар схеманын уюштуруучулары тарабынан жеке муктаждыктарга бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири «Тазалык» ишканасынын кызматкери, депутат Ч.М. өткөн нааразылык акцияларынын демилгечилеринин бири болуп саналат.

Анын натыйжасында «Тазалык» ишканасынын ишинде мүчүлүштүктөр болгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүү Ч.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM