Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик жетекчилер соцтармак аркылуу элдин суроосуна жооп берет (тизме)

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 537 | 0

Мамлекеттик органдар социалдык тармактар аркылуу калктын жана бизнестин суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы маалымдады.

Төмөндө 19-августка карата мамлекеттик жетекчилердин Facebook жана Instagram социалдык тармагында расмий аккаунттары аркылуу түз эфирге чыгуу графиги:

Саат 09:00 – Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов ӨКМ ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берет. (жооптуу адам: Токторов А. 0778-83-50-00);

Саат 11:00– Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, министрдин орун басары Кубат Касейинов министрликтин жер жана суу ресурстарын башкаруу саясатына, мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жана анын келечегине байланыштуу суроолорго жооп берет. (жооптуу адам: Исабаева А. 0990-30-11-31);

Саат 15:00 — Экономика жана коммерция министрлиги, министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов 2022-жылдын январь-июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө. (жооптуу адам: Маматова М. 0550-90-01-30);

Саат 15:00 — Санариптик өнүктүрүү министрлиги, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров Калкты тейлөө борборлорунун иши, документтештирүү жана архив иши маселеси боюнча (жооптуу адам: Кыдырмышева Э. 0 509 888 011);

Саат 15:00-Социалдык фонд (жооптуу адам: Абдылдаев А. 0550 28 96).

Copyright © 2017 Maral FM