Биз менен байланышыңыз

«Учитель» чокусунан кулаган альпинисттин сөөгү тоодон түшүрүлдү

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 374 | 0

Бүгүн, 16-августта Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып кулап, каза болгон Орусиялык альпинисттин сөөгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тоодон алып түшүштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

14-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына «Учитель» чокусунан Орусиянын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-жылы туулган Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Жерине Эдельвейс куткаруучулар тобунан 6 куткаруучу барган.

Бүгүн куткаруучулар жогоруда аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми экинчи жаран жабыр тарткан эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM