Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Саксония кыргызстандык жаштарга муктаж

Кыска кабар | 4 Авг 2022 | 692 | 0

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Саксония федералдык мамлекетинин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинде жолугушуу өткөрдү.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана ири инвестициялык долбоорлору, ошондой эле ушул жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өткөн кыргыз-герман бизнес форуму жана кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму тууралуу маалымат берди.

Анда кыргыз жарандарын Германияда системалуу түрдө ишке орноштурууну уюштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери кеңири каралды. Герман өнөктөштөрү Бишкек шаарында ушул жылдын сентябрь айында кол коюга пландалган Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Федералдык Эмгек агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун алкагында Саксония федералдык жеринде кыргызстандык адистерди кесиптик даярдоо боюнча биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Германияда жумушка орношуунун шарты катары немец тилин тиешелүү деңгээлде билүү зарылчылыгы белгиленди. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруунун маанилүү маселелеринин бири Кыргызстанда адистер үчүн тил үйрөтүү системасын түзүү болуп саналат.

Саксония федералдык жеринин өкүлдөрү да жогоруда аталган Меморандумга кол коюу максатында жана Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштурууну системалуу уюштуруу боюнча практикалык кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн германиялык делегациянын курамында Кыргызстанга келүүнү пландаштырууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM