Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык бейтапканаларга 7 атайын унаа тапшырылды

Кыска кабар | 4 Авг 2022 | 280 | 0

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бюджеттин эсебинен сатылып алынган үй-бүлөлүк медицина борборлоруна көчмө амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн 7 машинанын ачкычын тапшырды.

Бишкек шаарынын көчмө амбулатордук баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы бейтаптын жашаган жери боюнча медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Үй шартында сапаттуу медициналык кызматка муктаж болгон бардык бейтаптар амбулатордук медициналык жардамдын  колдоно алышат. Көчмө амбулатордук кызматтар бекер көрсөтүлөт.

Көчмө амбулатордук кызмат төшөктө жаткан, онкологиялык, кургак учук жана паллиативдик бейтаптарга жардам көрсөтөт. Кызмат тез жардам чакырууларын тейлебейт жана ооруканага жаткыруу менен алектенбейт. Бул функциялар тез жардамдын кызматында кала берет.

Кызмат көрсөтүүчү топтун курамында дарыгер, медициналык айым, социалдык кызматкер, психолог, санитар, ыктыярчылар болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM