Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 5-августта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…29;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус болот.